Бүгүн, 1-апрель саат 12:00гө карата Кыргызстанда таажывирусу дагы 4 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымы боюнча, жаңы учурлар: Жалал-Абад шаарында – 1 адам, Сузак районунда – 1 адам, Кара-Көл шаарында – 1 адам жана Чүй облусунда – 1 адам катталган.
Бардыгы болуп республика боюнча 111 тастыкталган учур бар. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусу – 54,
– Ош облусу – 28,
– Чүй облусу – 5,
– Баткен облусу – 1,
– Ош шаары – 9,
– Бишкек шаары – 8,
– Нарын облусу – 4,
– Ысык-Көл облусу – 2.
Таажывирусу аныкталган бейтаптардын 59у аял, 52си эркек.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ