Бүгүн таажывирус илдетин жуктуруп алганы аныкталган 4 жарандын бири Орусиядан келген. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Ал эми калган 3 жаран оорулуулар менен байланышта болуп вирусту жуктуруп алышкан.
Учурда өлкөдө таажывирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 111ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ