Menu

Видео – УКМК: “Күйөөм УКМКда иштейт” деп милиционерлерди коркуткан аял аныкталды, анын күйөөсү менен УКМКнын келишими бир тараптуу токтотулду

Бөлүшүү:

КР УКМК өздүк коопсуздук кызматы блокпост аркылуу өтүү аракетин көрүп, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жолдошум УКМКда иштейт деп коркуткан фактысы боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Окуя 2020-жылдын 31-мартында Ош шаарынын өткөрмө пунктарынын биринде 15:00 чамасында орун алган.

Азыркы учурда аял кишинин өздүгү такталды. Ал КР УКМК Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пукнтунда жарым күндүк ставкада иштеген, Ош шаардык ооруканасынын дарыгери Аманов Гамилдин аялы болуп чыкты.

2020-жылдын 1-апрелинен тарта дарыгер менен келишим бир тараптуу токтотулду.

Материалдар КР кылмыш-жаза кодексинин 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаал режимин бузган тараптар үчүн КР мыйзамдарынын чегинде жаза колдонулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: