Депутат Иса Өмүркулов учурда пропуск боюнча маселелер жаралып жатканын бүгүн, 1-апрелде өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Азыркы учурда пропуск боюнча бүт жерде “ажиотаж” болуп жатат. Өзгөчө баардык иштеп жаткан дарыгерлердин кирип чыкканы чоң көйгөй болууда. Алардын көпчүлүгү шаардын айланасындагы айылдардан келишет. Ошондуктан баардыгынын тизмелерин алып, макулдук бериш керек. Бул боюнча маселени карап берсеңиздер”,- деди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ