Таажывирусуна чалдыгып, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган бейтап өз алдынча дем алууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
“Кечээ өтө оор абалда Ош облустук ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө жатат деген бейтап жасалма дем алдыруу аппаратынан алынып, өзү дем алып жатат. Биз аны оор, стабилдүү акыбалда деп санайбыз” – деп билдирди Касымбек Мамбетов.
Ал ошондой эле Ноокат аймактык ооруканасында жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан 2 бейтаптын абалы стабилдүү экенин кошумчалады.
Учурда Кыргызстанда 111 адам таажывирусун жуктуруп алган. Алардын ичинен 3 бейтап жандандыруу бөлүмдөрүндө дарыланып жатышат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ