Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору каралды.
Анда депутат Акылбек Жапаров так антикризистик программа иштелип чыгышы керектигин баса белгиледи.
Депутат вице-премьер-министр Эркин Асрандиевге кайрылып, “Насыялардын пайызын 3 айга “тоңдуруу” керектигин айттык эле, өзүңүз банкирсиз, эмне үчүн бул ишке ашпайт” – деп сурады.
“Азыр Улуттук банк коммерциялык банктар менен негизги суммасын жана пайыздарын 3 айга жылдыруу иштерин жүргүзүп жатат. Кайрылгандардын баарын карап чыгып, ушундай чечимдерди кабыл алып жатат” – деп билдирди Эркин Асрандиев.
Депутат вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтан кетишин айтып, таажывирус боюнча абал чатак экенин билдирди.
“Эгерде өзгөчө абал дагы 3 айга жыла турган болсо, өкмөттө 3 айга айлык маяна берейин деген оюңар барбы? Канча акча керектигин эсептеп жатасыңарбы? Мына мен эсептеп чыктым. Силерде ушундай эсептер барбы?” – деп сурады эл өкүлү.
Эркин Асрандиев: “Эсептерди жүргүзүп иштелип жатат. Экономика министрлиги сунуштап жаткан сунуштардын арасында ушундай өңдүү идеялар бар. Бирок, биринчи ирет каражат булактарын табыш керек” – деп жооп берди.
Депутат Акылбек Жапаров 500 миңдей жеке ишкер бар экенин айтып, аларга бюджеттик насыя, ал эми юридикалык жактарга пайызы жок насыя берилиши керектигин айтты.
“Өзгөчө абалды дагы 2 айга жылдыра турган болсок, ушундай механизмдерди коё бербесеңиздер, иш чатак. Экономиканын колу-бутун тушап салдык, эми аны союп эле сала турган убакыт келе жатат” – деп кошумчалады депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ