Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Садык Шер-Нияз өкмөт өлкөдөгү абал боюнча суроолорго жооп берүүсүн айтты.
“Төрага өзүңүз көрүп жатасыз, канчалаган депутаттар чыгып өкмөткө суроолорду берүүдө. Бирок өкмөт жооп бере албай жатат. Негизи бүгүнкү парламеттин кезексиз жыйынын биз кезектүү жыйынга окшотуп өткөрүп жатабыз. Кезексиз жыйында эң биринчи кезекте өкмөт ушул жерге келип отчеттун бергенден башташ керек. Премьер-министрди чакырганда өлкөдөгү акыбал жөнүндө биринчи суроону ошол кишиге берелик”,- деди депутат.
Ошондой эле депутат “бет кап 10 сомдон кымбаттабайт деп айтылганы менен бирок 20 сомдон 75 сомго чейин сатылууда”,- деп кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ