Menu

Видео – Жанар Акаев, депутат: “Коменданттар өкмөттүк гана ММКларга пропуск беришиптир, бирок аларды эч ким окубайт да, көз карандысыз ММКларга да пропуск беришсин”

Бөлүшүү:

“Мен өкмөткө бир маанилүү сунуш айтып койсом деп жатам. Бүгүн биринчи кезекте түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатпайбы. Бирок өкмөт, комендант көз карандысыз массалык-маалымат каражаттарынын бирөөсүнө дагы иштегенге пропуск бербей жатат”, – деп билдирди бүгүн, 1-апрелде депутат Жанар Акаев парламенттин кезексиз жыйынында.

“Ошондуктан элибиз фейк маалыматтарга ишенип жатпайбы. Коомдо өзүнүн орду бар массалык-маалымат каражаттарына, жок дегенде 3-4 журналисттерине силер пропуск беришиңер керек. Алар өкмөттүн, өлкөдө болуп жаткан окуяларды элге тынбай жеткирип туруш керек. Азыр өкмөттүк гана ММКларга пропуск бердиңер, бирок аларды эч ким окубайт да. Мына, Кыргызстанда эң көп окулган интернет-сайттар, массалык маалымат каражаттары, медиалар бар (колундагы телефонунан рейтингди ачып көрсөтүп) алдыңкы, эң рейтинги жогору 20 маалымат каражатынын бирөөсү да бүгүн пропуск алган жок. Аларга уруксат бериңиздер, бирок мен эрте менен шаарды карап чыктым, кызматтык күбөлүктөр менен кимдер гана жүрбөйт: “финполициядамын, МВДдамын же СНБдамын” деп бүт жерде удостоверениесин көрсөтүп өтүп жүрүшөт. Ошолордон көрө коомго пайдалуу иш жасай турган журналисттерге азыр мына, бүгүндөн калбай, түшкө чейин массалык-маалымат каражаттарына сөзсүз пропуск берилиш керек”, – деди Жанар Акаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: