Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир Бол”, “Республика – Ата Журт”) социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрлик кызматынан бошотулган Алтынай Өмүрбекованын ордуна “Республика – Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Аида Исмаилованы сунуштады. Анын талапкерлигин ЖКнын көпчүлүк коалициясына кирген депутаттары колдоду.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ