Орусиянын 35 аймагында бир сутка ичинде 440 адам таажывирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Орусиянын массалык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда Орусияда таажывирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 2777 адамга жеткен. Алардын ичинен 190 бейтап айыгып, 24 адам көз жумган.
Акыркы маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзү боюнча таажывирусту 872,9 миң адам жуктурду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ