Бүгүн, 1-апрелде парламенттик коалициялык көпчүлүк (КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт”) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлик кызмат ордуна Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен КР саламаттыкты сактоо министрлик кызматын тапшырган Космосбек Чолпонбаевдин ордуна Республикалык карантиндик жана жугуштуу оорулар борборунун жетекчиси катары иштеген тажрыйбасын эске алуу менен коронавирус илдетинин глобалдык коркунучунун шартында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелерди чече аларына ишеним артып Абдикаримов Сабиржан Токтосуновичтин талапкерлигин сунуштап жатканын белгиледи.
Сунушталган талапкерди колдоо тууралуу парламенттик коалициялык көпчүлүктүн чечими Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ