Бүгүн, 1-апрель күнү Жогорку Кеңеш вице-премьер-министр жана КР саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордуна талапкерлерди карап жатат.
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрликке “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖКнын депутаты Аида Исмаилова, ал эми КР Саламаттыкты сактоо министри кызмат ордуна Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлиги каралууда. Бул талапкерлерди премьер-министр Мухаммедкалй Абылгазиев сунуштады.
Буга чейин Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Аида Исмаилованын жана Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин жактырышкан. Ошондой эле, премьер-министрдин сунушу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети тарабынан жактырылган.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кол койгон жарлыгына ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев таажывируска каршы күрөштөгү шалаакылыктары үчүн кызматтарынан бошотулган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ