Menu

Видео – Мирлан Парханов: “Бишкек шаарында 500дөн 700гө чейинки  ыктыярчылар кыска мөөнөттөгү окуудан өтүштү”

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында 500дөн 700гө чейинки  ыктыярчылар кыска мөөнөттөгү окуудан өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде өкмөттүк брифингде Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин башчысынын орун басары Мирлан Парханов билдирди.

“Бүгүнкү күндө жардамдарды жеткирүүнү ыктыярчылар колго алышты. Бишкек шаарында 500дөн 700гө чейинки  ыктыярчылар кыска мөөнөттөгү окуудан өтүшүп, эл менен кандай мамиле түзүш керек, жардамдар кантип жеткирилиш керек мына ушулар боюнча окушту. Андан тышкары 150-200 айдоочу машиналары менен жумушту аткарууга даяр”,- деди Парханов.

Мындан сырткары учуда Кыргызстанда ыктыярчылар, уюмдар аябай көп. Алар өзүлөрүнүн жумуштарын так аткарып жатышат.

“Дагы бир айта кетчү жагдай, адамдар 2-3 ирет башка уюмдардан, башка кыймылдардан жардам алып, кайра эле кайрылып жатышат”,- деп кошумчалады Парханов.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: