Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрдин кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырды. Мындай чечим 1-апрелдеги парламенттик отурумдагы добуш берүүдөн кийин кабыл алынды.
А.Исмаилова 2015-жылдан бери “Республика-Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты жана Социалдык маселелер, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана илим боюнча комитеттин мүчөсү.
Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 1-апрелде кызматынан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ