Menu

Бактыгүл Жумабаева, Апрель баатыры: “Роза Отунбаева өтө битир аял экен, гейлерге жардам бергендей Нарындын медик аялдарына да жардам берип койсо өлүп калабы?”

Бөлүшүү:

“8-март күнү гейлерди, лесбиянка аялдарды колдоп митингге чыгып, аялдардын майрамын ызы-чууга аралаштырып, бузуп, үчүнчү революция болот деп элди коркутуп күпүлдөп жаткан Роза Отунбаева Кыргызстанга таажывирус келери менен эмнеге чээнге кире качты?  Эмнеге лесбиянка аялдардын укугун коргогону чыгат да азыр күнү-түнү уйку көрбөй таажывируска каршы күрөшүп жаткан кыргыздын медик аялдарынын укугун коргоп чыкпайт? Эмнеге врачтар менен медайымдардын аз айлыгы тууралу үн катпайт, аларды атайын медициналык кийимдер жана жабдыктар, ИВЛ аппараттары менен камсыз кылуу боюнча демилге көтөрбөйт?”, – деп билдирди бүгүн, 1-апрелде Нарындан Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

“Анткени гейлер менен лесбиянкалардын укугун коргогону үчүн Отунбаевага батыштан гранттык акчалар келет. Ал эми кыргыздын аялдарын коргоп чык деп азыр ага эч ким акча сунуш кылбагандыктан ал чээнге кире качты. Эгер батыш акча берсе чыкмак. Биз билгенден ал коррупционер Атамбаевдин колунан мыйзамсыз “экс-президент” деген статус алып алып, аны пайдаланып “Роза Отунбаеванын демилгелери” деп НПО ачып, ал НПОсуна Америкадан акча сурап, Америка жылда 20 чакты кыргыз НПОлоруна берчү бюджетин Отунбаевага буруп берип, Отунбаева 20дан ашык НПОнун ырыскысын жеп жүрөт. Ал НПОлордун көп жетекчилери гранттары жок калып, Отунбаеваны каргап жүрүшөт. Дегеле Отунбаева акчага тойбогон неме экен, 2010-жылы Нарынга келип ушул врачтардын колдоосун издеп, байкуш болуп, биздин үйлөрдө түнөп жүрчү. Биздин, нарындыктардын колдоосун алып, революция жасашып бийликке жетери менен Отунбаеванын компаниясы: Атамбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаров сыяктуу суу куйдулар карапайым элди, врачтар менен мугалимдерди унутушту. Отунбаева Англиядагы англичанин күйөө баласына Лондондон 400 миң долларга үй сатып бергенин гезиттерден окудук. Анан ошол эле 2010-жылы жайында Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов “Манас” аэропортундагы америкалык авиабазага авиакеросин ташыган чет элдик ишкерлер менен Стамбулда жолугуп, ал бизнестин үлүшүнө кириптир деп да олуттуу гезиттерден окуп билдик. Анан өзү “самозванка” катары фамилиясын шайлоо бюллетенине киргизбей эле өзүн-өзү президент кылып шайлап алды. 2010-жылдын июнундагы референдумга эл келбей коюп, добуштарды өздөрү будамайлашканын элдин баары билет. Атамбаев менен Мадумаров туура айтышкан. Эптеп бир жыл “самозванка” президент болуп, анан 80 000 сомго пенсияга чыгып, резиденциядан бекер үй, бекер тамак, бекер машина, бекер шоопур, бекер жан сакчы алып, кыргыз элинин мойнуна илинген дагы бир бекер тамак, жүк болду. Ушуну менен шүк жатпай НПОлордон грант талашып, кээ жылдары Америкадан бир миллион доллардан ашык грант алат экен деп да окудук. Эми ошол гранттарын өзү эле жей бербей бир кезде аны колдогон Нарындын медиктерин колдоп, 20 ИВЛ аппарат сатып берсе өлүп калат беле? Элдин сообуна калат болучу. Бирок Роза Отунбаева өтө битир аял экен, 20 эмес, 1 ИВЛ аппарат алып берсе ошол күнү жаны чыгат. Бул катындан жакшылык күтпөгүлө. Кыргызга боору ооруса азыр үнүн чыгарат болчу, азыр бир жардам берет эле. Тилекке каршы ал грант берген жактардын гана “фас” деген буйругун угат, ага эми Нарындын медиктеринин кереги жок”, – деп ачууланды Апрель баатыры Бактыгүл Жумабаева.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 11 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: