Menu

Алмаз Токторов, депутат: “Эгерде таажывирусу болбогондо, Алтынай Өмүрбекова вице-премьерлик кызматында иштей берет эле”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Аида Исмаилованын жана КР Саламаттыкты сактоо министри кызматына Сабиржан Абдикаромовдун талапкерлигин карашты.

Анда депутат Алмаз Токторов көпчүлүк коалициянын жыйынында Аида Исмаилованын талапкерлигине каршы добуш бергенин айтты.

“Вице-премьерлик кызмат үйрөнүп кетет да дей турган кызмат эмес. Өтө чоң кызмат. Купуя сырлар болот. Мен сизге, (Аида Исмаилова) каалоо катары айтып кетейин, эгерде кабыл алсаңыз, бул жерде бирөө айтты эле, бирөөдөн уктум эле деген сөздөр болбойт. Бул жерде фактылар менен, кагаздар менен иштеш керек. Күнү-түнү иштеш керек. Мен мына, Алтынай Сейитбековна жөнүндө айтып кетейин. Ал күнү-түнү иштеди. Ак ниети, орду менен аябай жакшы иштеди. Бирок, ушундай кырдаал болуп калды. Эгерде таажывирусу болгонгондо дагы деле иштейт эле. Жакшы иштеген кишини, жакшы иштеди деш керек. Сиз дагы ошол деңгээлге татыктуу болуңуз. Сиз дагы күнү-түнү иштеп, үйрөнүңүз” – деп билдирди депутат.

Ал ошондой эле, Саламаттыкты сактоо министрлигине 40 жылдык тажрыйбасы бар адам келе жатканын айтып, Аида Исмаилова анын оюн угуп, чогуу иштеши керектигин белгиледи.

“Сын-пикирлерди кабыл алам. Жаңы келе жаткан министр менен чогуу иштешип, комитетте топтогон тажрыйбамды азыркы кызматыма салып иштейм деп толук ишенем” – деп жооп берди Аида Исмаилова.

Депутат премьер-министрге кайрылып, социалдык блок өтө жооптуу блок экенин айтып, жардам берүү керектигин айтты.

Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан бошотулган Алтынай Сейитбекова менен Космосбек Чолпонбаевдин 2 жыл аралыгында аткарган кызматын баалап, болгон тажрыйбасын, билимин, энергиясын маселелерди чечкенге жумшап иштешкенин белгиледи.

“Алар өкмөттүн белдүү мүчөлөрү болду. Бирок, азыр талап абдан катуу. Азыркы илдет, аларга болгон күч-аракет абдан өзгөрүп жатат. Ошон үчүн өздөрү чечим кабыл алды. Мисалы үчүн, мен аларга ыраазычылк билдирем” – деп кошумчалады премьер-министр.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: