Menu

Акылбек Жапаров премьер-министрге: “40 жыл тажрыйбасы бар адам менен 4 саат дагы тажрыйбасы жок кишини алып келип, мен тандадым деп жатасыз”

Бөлүшүү:

“40 жыл тажрыйбасы бар адам менен 4 саат дагы тажрыйбасы жок кишини алып келип, мен тандадым деп жатасыз” – деп билдирди бүгүн, 1-апрелде депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште вице-премьерликке жана КР Саламаттыкты сактоо министри кызматына таалапкерлерди карап жаткан учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып.

“Фракциялардын лидердери менен сизге кайрылып кетейин, азыр устукан бөлүштүрө турган заман эмес. Эмне үчүн мурунку вице-премьер-министр менен Саламаттыкты сактоо министри иштей албай койду? Менин оюм боюнча, сизде 4 штаб болгон үчүн Космос Сариевичти да, Алтынай Сейитбековнаны да иштетпей койдуңар. Баарынан жоюңуз дагы өзүңүз бир штабды башкарыңыз” – деп депутат премьер-министрге кайрылды.

Ал КР Саламаттыкты сактоо министри кызматына талапкер Сабиржан Абдикаримовго кайрылып, тартипти орнотуу керектигин айтты.

“Таажывирусу менен күрөшөм дегенде Саламаттыкты сактоо министрин эч ким укпай койду. Башкы санитардык врачты дагы эч ким укпай койду. Ызы-чуу түшүп эле жатып калдык. Акаевдин маалында 30 бандит келет деп бүт генералдар кырылды эле, азыр дагы ошондой кырдаал болуп жатат” – деп билдирди депутат.

Акылбек Жапаров премьер-министр жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керектигин, Кыргызстанда таажывирусуна каршы күрөшүү боюнча 1 гана штаб болушу керектигин кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: