Бүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасында 2 адам таажывирусунан айыкты. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев журналисттерге билдирген.
Анын айтымы боюнча, таажывирусун жуктуруп алган бейтаптардан дагы анализ алынган, жыйынтыгында алардан илдет табылган эмес. Алардын абалы канаттандырарлык. Бул бейтаптар кичи ажылыктан келишкен, 14 күн ооруканада дарыланып, айыгышты. Бүгүн аларды ооруканадан чыгарышкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча жылпысынан 5 адам таажывирусунан сакайышты. Буга чейин дагы Жалал-Абад облусунда 3 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылган.
Ал эми таажывирусу аныкталган жарандардын саны 111ге жетти. Алардын ичинен 3 бейтап жандандыруу бөлүмдөрүндө жатышат, абалдары орточо оор.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ