Menu

Свердлов райондук милициянын кызматкери коменданттык саат учурунда кызматтык автоунаасында сойкуларды ташып бара жатканда кармалган

Бөлүшүү:

2020-жылдын 28-марттында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерин кызматтык унаада сойкуларды буйрутма менен ташып баратканда кармашкан. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдиришти.

Укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, Свердлов РИИБнин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери коменданттык саат учурунда кызматтык автоунаасында сойкуларды буйрутма менен ташып, жеткирип жүргөн. Карантиндик посттордо токтоткондо ал өзүнүн кызматтык жеке күбөлүгүн көрсөтүп, сойкуларды “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” жол тосмолорунан өтүп кетип жүргөн.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери башталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: