Menu

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган жарандарды жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзам долбоору кабыл алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө абал шартында коменданттык саатты бузган жарандарды жоопкерчиликке тартуу багытында тиешелүү кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Тагыраагы, өзгөртүүлөр Кылмыш, Жоруктар жана Бузуулар жөнүндөгү кодекстерге сунушталган.

Талкуу маалында депутаттар үй карантинин жана обсерация шарттарын бузган жарандарга карата катаал чара көрүү керектигин белгилешти. Ошондой эле COVID-19 илдети боюнча жалган маалымат тараткандарды да жоопкерчиликке тартуу маселеси айтылды. Ошондой эле жыйында карантиндик-санитардык өткөрмө жайларынын ишмердүүлүгүнө жана өзгөчө абал маалында иштеген укук коргоо органдарынын ишин уюштурууга тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Наталья Никитенко COVID-19 илдетинин жайылышына жана буга карата айрым шаар-райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аталган мыйзам долбооруна бир катар сунуштар киргизилгенин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

95 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: