Menu

Бүгүн Кыргызстанда дагы 5 кишиден таажывирусу аныкталды, жалпы саны 116га жетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-апрель саат 9:00гө карата Кыргызстанда дагы 5 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымы боюнча, таажывирусу жаңы аныкталган бейтаптардын 2сү сырттан келген, ал эми калган 3 адам ооругандар менен байланышта болгон.

Жаңы учурлар: Ноокат районунда– 2 адам, Ош шаарында – 1 адам, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында – 2 адам катталган.

Бардыгы болуп республика боюнча 116 тастыкталган учур бар. Алардын ичинен:

– Жалал-Абад облусу – 54,

– Ош облусу – 30,

– Чүй облусу – 5,

– Баткен облусу – 3,

– Ош шаары – 10,

– Бишкек шаары – 8,

– Нарын облусу – 4,

– Ысык-Көл облусу – 2.

Таажывирусу аныкталган 116 бейтаптын 63ү аял, 53ү эркек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: