Menu

Кыргызстанда таажывирусу аныкталган 116 адам кайсы аймактардан экендиги айтылды

Бөлүшүү:

Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 116га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ал таажывирусуна чалдыккан бейтаптарды региондорго бөлүштүрүп, айтып берди.

Жалал-Абад облусу боюнча:

Сузак району – 48 адам,

Ала-Бука районунан – 3 адам,

Аксы районунан – 1,

Жалал-Абад шаарынан – 1,

Кара-Көл шаарынан – 1.

Жалпысынан 54 адамдан таажывирусу аныкталган.

Ош облусу боюнча жалпы 30 адам.

Анын ичинен:

Өзгөн району – 1 адам,

Кара-Суу району – 8,

Ноокат району – 19.

Чүй облусу боюнча жалпысынан 5 адам илдетке чалдыккан.

Алар:

Москва району – 1,

Аламүдүн району – 2,

Сокулук району – 1 адам,

Кант шаары – 1 адам.

Ысык-Көл облусундагы таажывирусуна чалдыккан 2 адам Түп районунун тургундары.

Баткен облусу боюнча:

Баткен шаары – 1 адам,

Кызыл-Кыя шаары – 2,

жалпысынан 3 киши.

Нарын облусунда 4 адамдан таажывирусу табылган, 4 тең Нарын шаарынан.

Ош шаарынан – 10 адам,

Бишкек шаарынан – 8 адам.

Таажывирусу аныкталган 116 бейтаптын 63ү аял, 53ү эркек.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: