Menu

Бишкек комендатурасынын басма сөз борбору депутат Жанар Акаевге каяша жооп айтты

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жанар Акаев Бишкек шаарынын комендатурасы мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредациялоодон өткөргөндүгүн айтып, ошондой эле дагы жайырмадан ашык ЖМКга пропуск берүүлөрүн сунуштаган.
Бишкек шаарынын комендатурасы дагы бир жолу эскертет: Жарандардын маалымат алуу укугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы №55 Жарлыгынын 10-пунктун аткаруу максатында Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө Жобонун 3- пунктуна ылайык, аталган аймакка өзгөчө абал киргизилип, тиркеменин негизинде түзүлгөн кризистик кырдаалдарды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуунун тартиби бекитилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын басма сөз борборунун базасында жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар үчүн онлайн платформаларды түзүү жана бул буйрукту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү каралган.
“Кризисттик кырдаалды эске алуу менен калктын маалыматка жеткиликтүүлүгү жана маалымат таратуу тартиби жөнүндө” Комендант бекиткен Жобо өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын комендатурасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалардын бири-бири менен өз ара кызматташуусунун тартибин жөнгө салат.
Жобонун негизги максаты расмий жана тастыкталган маалымат алууда жарандардын кепилденген укуктарын камсыз кылуу болуп саналат. Аталган Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Контитуциялык Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларынын, коменданттын буйруктарынын жана буюрмаларынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: