Menu

Фото – Бишкекте жасалма пропуск колдонгон айдоочу кармалып, ага кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарында жасалма пропуск колдонгон айдоочу кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, кечээ, 1-апрель күнү Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен, 32 жаштагы Д.Н. башкаруусундагы «Ланд Ровер» унаасы текшерүү үчүн токтотулган учурда, маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында кыймылда жүрүүгө мүнкүнчүлүк берген уруксат пропуску болгон. Кылдат текшерүүгө алууда пропуск жасалма болгондугу аныкталган.

Окуя катталган аймакка Ленин РИИБы ыкчам тергөө тобу чыгып, унаа атайын коюлуучу жайга токтотулуп, баардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Андан соң окуя жоруктун жана кылмыштын бирдиктүү рейстрине катталып, КРнын Кылмыш кодекснин 359 беренесине ылайык ( доументтердин жасалмасы) кылмыш иши козголду.

“Урматуу Бишкек шаарынын тургундары инфекциялык илдетти алдын алуу жана тарлып кетишине жол бербөө максатында жөнү жок эшике чыгууну токтотууну суранабыз. Жазалма документтерди колдонуу кылмышка тете экенин эскертебиз. Сиздер үйдө болсоңуздар, бизге жардам бересиздер!” – деп айтылам маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: