Menu

Видео – Ысык-Көлдө таажывирус илдети тастыкталган 2 адам менен Бишкектен Балыкчыга чоогу кичиавтобуста барган 15 адам изделүүдө

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун бийликтери таажывирус илдети тастыкталган 2 адам менен Бишкектен Балыкчыга чоогу кичиавтобуста барган 15 адамды издейт.

“Урматтуу Ысык-Көл облусунун тургундары жана коноктору, сиздер жарандык жоопкерчиликти сезишиңиздерди суранабыз. 24-мартта саат 18: 00дөн 23: 00гө чейин Бишкектен Балыкчыга кичиавтобуста видеодогу адам менен чоогу келген жарандардан суранабыз, тез арада өз аймагыңардагы үй-бүлөлүк медицина борборуна же ФАПка кайрылып текшерүүдөн өтүңүздөр.  Анонимдүүлүккө кепилдик берилет”,- деп айтылат маалыматта.

Видеодо таажывирустун белгилери табылган адам Түп районундагы Байзак айылынын тургуну. Учурда өзүн жакшы сезип жаткандыгын, жөтөлүп же дене табы көтөрүлбөгөнүн айтат.

Учурда Түп районунун эки тургунунан таажывирус табылган. Алар Индияга дааватка барып келишкен. Дели—Бишкек каттамы менен 22-март күнү «Манас» аэропортуна конушуп, ал жерден текшерилген соң 2 күн обсервацияда жатышкан. Андан кийин 24-мартта обсервациядан чыгып, үйлөрүнө кетишкен.

Ошол эле күнү алар Балыкчы шаарына жетиш үчүн кичи автобуска түшүшкөн. Унаанын ичинде 15 адам болгон. Таажывирус табылган эки жаран Балыкчы шаарынан түшүп, кайра таксиге отурушуп үйлөрүнө жетишкен. Эртең менен ФАПтын кызматкерлери аларды текшерүүгө алганда биринин дене табы 37,5 болгон. Ал ыкчам штабдын чечими менен обсервацияга алынган болчу. Андан анализ алынып, 31-мартта таажывирус илдети тастыкталган.

Учурда Балбай, Кең-Суу айылдары, ошондой эле алар жашаган 2 көчө карантинге жабылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: