Menu

Түндө Ошто коменданттык саатты бузган 9 адам кармалган

Бөлүшүү:

1-апрелден 2-апрелге караган түнү Ош облусунун коменданттык саат киргизилген аймагында 9 тартип бузуучу кармалган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, кармалган жарандар комендатурага жана райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлүп, айрымдары үйлөрүнө коё берилген.

“Негизинен сутка ичинде өзгөчө оор кылмыш катталган жок. Коомдук саясый кырдаал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө” – деп кошумчалады комендант.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

15 − = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: