Menu

Бишкекте уруксат кагазын $200 саткан милициянын кызматкери УКМКнын тергөө абагына камалды

Бөлүшүү:

Өзгөчө абал режими учурунда унаалардын шаар ичинде эркин жүрүүсү үчүн бериле турган атайын уруксат кагазын (спецпропуск) саткан милициянын кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, күн мурун атайын уруксат кагазын сатып жүргөн милициянын подполковниги кармалган. Ал  жең ичинен бир “пропускту”  $200 акчага сатып жүргөн.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек шаарында таажывирустун чыгышына байланыштуу коменданттык саат киргизилип, жолдорго тосмо-бекеттер орнотулган. Жарандарга шаар ичинде жүрүү үчүн атайын уруксат кагаздары берилет. Ал уруксат кагаздары көк, кызыл жана сары түстө берилет. Көк түстөгү уруксат кагаздары шаар ичинде күнү-түнү жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кызыл уруксат кагазы менен коменданттык саат убагында (саат 20:00дөн 7:00гө чейин) унаа менен жана жөө жүрүүгө мүмкүн. Ал эми сары түстөгү уруксат кагазы уюмдардын жана бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле медициналык мекемелерде, банктарда иштеген жарандардын кыймылы үчүн берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: