Ысык-Көл облусунун Түп районунда Индияга даваатка барып келген 2 жарандан таажывирус табылып, ооруканага жаткырылган. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү да обсервацияга алынган. Азыр милиция ал 2 бейтап менен байланышта болгон 30дан ашык жаранды издеп-таап, кармап, медициналык мекемелерге жеткирип жатышат. Мындан улам таажывирус жуктургандар үчүн тез атайын обсервация уюштуруу каралып, ошол эле Түп районундагы Маяк айылында жайгашкан кесиптик лицейдин бош турган жатаканасын обсервация кылып кайра жабдуу чечими кабыл алынган.
Ал жатаканага медициналык меберектер, жабдуулар ташылып киргизиле баштаганда жергиликтүү эл кечээ, 1-апрелде “таажывирус менен ооругандарды бизден алыс алып кеткиле” деп чыр чыгарышып, милиция менен кагылышты. Жатакананын терезелерин таштар менен талкалап салышкан.
Буга чейин бул айылдын тургундары таажывирус жуктурган жердештеринин үй-бүлө мүчөлөрүн айылга киргизбей жатышканы ММКларда жарыяланган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ