Кыргызстанда бүгүн, 2-апрелде таажывирус табылган 5 жарандын бири 22 жаштагы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын тургуну экени маалым болгон. Бул маалыматты бүгүн, 2-мартта Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Маалыматка караганда, 22 жаштагы Кант шаарынын тургуну, Москвадан учуп келип, “Манас” эл аралык аэропортко конгондон кийин дароо текшерүдөн өтүп, андан таажывирустун белгилери табылган. Азыр ал Бишкек шаарында дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Учурда Кыргызстанда таажывирус илдети менен 116 адам жабыркап жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ