23-мартта Индиянын Бихар штатындагы Патна шаарынын мечитинде жашынып жаткан 10 кыргызстандык таажывируска шектелип кармалып, текшерүүгө жөнөтүлгөн. Бул тууралу Индиялык ММКлар жазып чыгышты.
“Патна шаарында жергиликтүү мусулмандар кыргызстандыктарга мечитте жашынууга жардам беришип, бийликтерге билдирбей коюшкан. Полицияга башка жергиликтүү тургундар билдиргенден кийин гана алар кармалган”, – деп жазат Press Trust of India басылмасынын Twitter социалдык тармагындагы баракчасында Ansu Tomar аттуу колдонуучу.
“Жергиликтүү полиция участогунун начальниги Манодж Кумардын айтымында, кармалгандардын арасында Кыргызстандан 10 диний даваатчы жана Уттар-Прадештен 2 жаран бар. Ал кармалгандар Патна шаарындагы AIIMS борборуна таажывирус боюнча иликтенүүгө экспертизага жөнөтүлгөнүн кошумчалады”, – деп айтылат Press Trust of India басылмасында.
Эске сала кетсек, буга чейин, 21-мартта Индиянын Хайдарабад шаарында дагы 11 Кыргызстандык кармалып, карантинге алынганы маалымдалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ