Menu

ИИМ: “Милициянын кызматкери сойкуларды ташып жүргөн” деген маалымат жалган

Бөлүшүү:
Коменданттык сааттын талаптарын бузган милиция кызматкери кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирди.
Бишкек шаарындагы коменданттык сааттын убактысында Свердлов РИИБнын ыкчам кызматкери өзүнүн жеке автомашинасы менен шаар ичинде кетип бараткан кезде кайгуул кызматы аркылуу токтотулган. 
Алардын айтымы боюнча, учурда анын коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Айрым бир сайттарда жарыяланган “милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн” деген жалган маалымат болуп эсептелет.
“Ички иштер министрлиги жарандарына кайрылат жана эскертет, өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоону суранат жана ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралгандыгын дагы бир жолу эскертет” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: