Бүгүндөн тарта кагаз түрүндөгү уруксат кагаздары берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
“Бүгүндөн баштап кагаз түрүндөгү уруксат кагаздарын берүүнү токтотуп, электрондук түрдө уруксат кагаздарын бере баштайбыз. Биринчи кезекте, мамлекеттик органдардын, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн, Социалдык өнүгүү министрлигинин кайрылууларын карайбыз. Ошондой эле мэриянын жана коопсуздук кызматтарынын арыздарын дагы карайбыз. Андан кийин биз ишкерлерге уруксат беребиз. Буга чейин берилген уруксат кагаздары мөөнөтү бүткөнгө чейин жарактуу болорун эскерте кетейин. Мындай чечим уруксат кагаздарына болгон кезектерди жоюу максатында болду” – деп билдирди комендант.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ