Menu

Видео – Коменданттык саат киргизилгенден бери Бишкекте 1076 адам тартипти бузгандыгы үчүн кармалган

Бөлүшүү:

25-марттан тарта 1-апрелге чейин Бишкек шаарында 1076 адам коменданттык сааттык эрежелерин бузган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, коменданттык сааттын эрежесин 931 эркек жана 145 аял бузган . Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 32 чоң тосмо бекеттер жана 76 карантиндик-санитардык посттор орнотулган. Бишкектеги коомдук коопсуздук тартипти сактоо үчүн 3 миңден ашык кызматкер тартылган.

“Бишкек шаарынын комендатурасы тарабынан борбор калаанын мэриясына, Бишкек шаардык ден соолукту сактоо башкы башкармалыгына тиешелүү тапшырмалар берилген” – деп билдирди комендант.

Ал ошондой эле Бишкек шаарындагы көчөлөр дезинфекцияланып жатканын кошумчалады.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: