Menu

Видео – Электрондук уруксат кагаздарын кантип толтуруп, алса болот?

Бөлүшүү:

ӨА режимин камсыз кылууда ишке тартылган мекемелер менен уюмдардын унаа каражаттарына электрондук ураксат кагаздарын алуу үчүн онлайн система ишке кирди. Бул Бишкек шаары боюнча коменданттык саат күчүнө кирген мезгилде жүрүүгө уруксат берет. Онлайн система алыстан туруп арыз берип, электрондук уруксат алууга шарт түзөт.
Арыз берүү үчүн максатты жана убакыт-саатын көрсөтүүү менен тийиштүү документтерин тиркеп, ресурста көрсөтүлгөн электрондук форманы толтуруу керек. Маанилүү – нускамага ылайык тастыктоочу документтерди арызга сөзсүз тиркеш керек. Эгерде белгилүү бир ишмердүүлүк унаа каражатында айдоочудан сырткары кошумча жүргүнчүсү менен дайыма жүрүүнү талап кылса, ресурска жүргүнчүнүн маалыматтарын да жүктөө зарыл. Арыз толтуруунун нускамасы:

Арыздар 24 сааттын ичинде каралат. Арыздын статусу (каралууда, жактырылды, жактырылган жок) толтурулган форманын баракчасына чыгат. Арыз жазылган жана электрондук уруксат көрсөтүлгөн бетти жоготуп албоо үчүн, шилтемени көчүрүп алыңыз же QR-кодун жүктөп алыңыз.
Жактырылгандан кийин арыз берүүчү өзүнүн уруксатын QR-коду менен кошо басып чыгарып, ураксат берилген унаанын маңдайкы терезесине чаптап коюу керек (же жанында алып жүрүшү керек). Анын түп нуска экендиги ыйгарым кызматкерлер тарабынан каалаган смартфондо QR-код аркылуу текшерилет.
Онлайн система https://1312.tunduk.kg/ шилтемеси боюнча иштейт. Иштеп чыккан – МТжБМК алдындагы МИ «ЦЭВ «Түндүк».

Суроолор жаралса, 1312 номери боюнча комендатуранын колл-борборуна кайрылса болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: