Орусияда акыркы сутка ичинде 771 адам таажывирус илдетин жуктуруп алганы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Орусиянын массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, вирустун кесепетинен 30 адам көз жумуп, 235 бейтап айыккан.
Учурда Орусияда жалпы 3548 адам таажывирус илдети менен жабыркап жатат.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча вирус жуккан учурлардын саны 938,3 миң кишиге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ