Menu

Карта – Бишкектеги карантин аймагы дагы кеңейтилди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-апрелден баштап Бишкек шаарынын түштүк бөлүгү да карантиндик аймак деп жарыяланды. Буга чейин Ахунбаев – Алматы – Жибек жолу – Жаш гвардия көчөлөрүнүн ичиндеги шаардын борбору карантиндик аймак деп жарыяланып, уруксаат кагазы жок эч ким киргизилбей жаткан. Бул тууралу таажывирустун жайылышынын алдын алуу боюнча республикалык штабдан билдиришти. Эми дезинфекциялоо үчүн шаардын түштүк аймагынын бул бул бөлүгү да жарандар жана унаалар үчүн жабык болот:

– Жукеев-Пудовкин – Ахунбаев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин;

Сүйөркулов – Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн түштүк магистралга чейин;

-Байтик баатыр көчөсүнөн түндүктү көздөй Масалиев көчөсүнө чейин ;

-Масалиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө бурулган жери;

-Малдыбаев көчөсүнөн түндүктү көздөй Масалиев көчөсүнө чейин;

Токтоналиев көчөсүнөн түндүктү көздөй Масалиев көчөсүнө чейин;

-Тынчтык проспектинен  түндүктү көздөй Масалиев көчөсүнө чейин;

-Ахунбаев көчөсүнөн чыгышты көздөй Бакаев көчөсүнө чейин;

Ал эми мурда жабылган Бишкектин борбордук бөлүгү андан ары дезинфекциялоо үчүн карантинде калат.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: