Menu

Видео – Новосибирскиден Кыргызстанга келе албай жаткан 300гө жакын жарандар бийликке кайрылуу жасап, мекенине кабыл алууну суранып жатышат

Бөлүшүү:

10 күндөн ашык Россиянын Новосибирск шаарындагы аэропортто түнөгөн 300гө жакын мекендештер КР президентине, эл өкүлдөрүнө кайрылып, аларды Кыргызстанга алып кетүүнү суранды.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, бийлик башында тургандар, Жогорку Кеңештин, айылдык кеңештин депутаттары, бул жакта артка дагы, астыга дагы жол жок. Бизге консулдуктан келип, “Бүттү, жабылды, эртең кубалап чыгат, мейманкага 400 сомдон барып жаткыла” дейт, 400 сом эмес 4 да тыйыныбыз калган жок. Аэропорттун ичи кымбат экенин билесиңер. Бир эле чайыбыз 80-100 рубль болуп жатат. Элдин акчасы түгөнүп, каяка барарын, эмне кыларын билбей калды. Эмне кылып жатасыңар? 10 күндөн ашып кетти. Бизди алып кеткиле. Боюнда барлар көз жарайын деп калды” – деп билдирди авиажүргүнчү.

“Консулдуктан Мээримбек деген жигит келип баарыбызды каттады. Жалпысынан 300гө жакын адам болду. Ал жигит түзүлгөн тизмени жиберем деди. Новосибирскидеги аймактык телеканалга чыгып жатабыз. “Дене табы көтөрүлгөн жокпу” деп бизди күнүгө эрте менен, түштө жана кечинде текшерип жатат. Бирөөндө да оору жок” – деп кошумчалады авиажүргүнчү.

Алар Россия тарап учууга уруксат бергенин айтышып, Кыргызстан тарап учактын конушуна уруксатты берип коюусун суранышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: