Menu

Сокулук райондук администрациясында карантинде жаткан 40 кызматкерден таажывируска анализ алынып, анын жыйынтыгы айтылды

Бөлүшүү:

Мамлекет муктаж болгондордун бардыгына жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк берет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилгенден бери бир жума өттү. Көпчүлүк жарандар тамак-аш менен камсыз болушат, бирок аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ал түгөнөт.

«Биз көйгөйгө туш болгон ар бир үй-бүлөгө кам көрүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирүү боюнча иштер башталды. Биз жардамга чындап муктаж болгондордун бири да көңүл сыртында калбашы керек. Бул үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Эмгек министрлиги менен биргеликте тизмени тез арада карап чыгып, кылдат жана терең анализ жүргүзүшү керек », – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдө үй-бүлөлөрдүн курамын эске алуу керек. Министрлер кабинети өз жарандары үчүн керектүү көлөмдө азык-түлүк бөлүп берет деп белгилегим келет. Мамлекет резервге ээ, бирок жардам механизми мүмкүн болушунча ачык жана натыйжалуу болууга тийиш. Бардык зарыл каражаттар жетиштүү көлөмдө бөлүнөт », – деди Өкмөт башчысы.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 116 коронавирус фактысы тастыкталды. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Сүй райондорунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: