Бүгүн, 2-апрель саат 17:00гө карата Казакстанда дагы 21 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри билдирди.
Жаңы учурлар: Түндүк Казакстан облусунда – 2, Алматы – 1, Кызыл-Ордо облусу – 1, Нур-Султан шаары – 2, Шымкент – 8, Түркестан облусу – 6, Актөбө облусу – 1 адам катталган.
Учурда Казакстанда таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 423кө жетти. Алардын ичинен: Нур-Сулутанда – 193, Алматы – 91, Караганда облусу – 21, Атырау облусу – 18, Акмола облусу – 19, Жамбыл облусу – 5, Шымкент – 11, Чыгыш Казакстан облусу – 2, Алматы облусу – 9, Актөбө облусу – 5, Түндүк Казакстан облусу – 8, Павлодар облусу – 1, Мангистау облусу – 1, Кызыл-Ордо облусу – 26, Батыш Казакстан облусунда – 2. Түркестан облусу – 11.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ