Menu

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте полицияга каршылык көрсөткөн таажывирус бейтаптарын жана карантинди бузгандарды атып салгыла деп буйрук берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-апрелде Филиппиндин президенти Родриго Дутерте полиция менен аскерлерге таажывирус бейтаптары жана карантинге жаткырылгандар эрежелерди бузса же алардын ишине каршылык көрсөтсө, атып салуу керектигин телевидение аркылуу элге кайрылуу жасап жатканда билдирди.

«Менин полиция жана аскерлерге буйругум: эгер кандайдыр бир көйгөй болсо же оорулар каршылык көрсөтсө жана силердин өмүрүңөргө коркунуч жаралса, анда өлтүрө атып салгыла. Түшүнүктүүбү? Өлтүрө аткыла», – деди президент.

Ал бул карантинге жөнөтүлүп, бирок анын эрежелерин сактабай жаткан адамдарга да тиешелүү экенин билдирди.

Кийинчерээк президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы элдин көңүлүн бурдуруу үчүн гиперболаны колдонуп, ашыкча айтканын билдиришкен. Ал эми улуттук полициянын башчысынын айтымында, президент коомдук тартип боюнча айтылган сөздөр олуттуу экенин көрсөткүсү келген. Күч түзүмдөрү эч кимди атпай турганын айткан.

Акыркы маалыматтарга караганда, Филиппинде 2 300 адам таажывирус илдетин жуктурганы аныкталып, 96 адам оорудан көз жумган. Бирок бул статистика так болбошу мүмкүн, анкени ооруну аныктоочу тесттер жетишсиз болууда.

Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары борбор шаар Маниланын жакыр райондорунда бийликтен гуманитардык жардам талап кылып, нааразычылык акциясына чыккандардын арасынан бир нече адам камакка алынганын маалымдаган.

Ал эми президент кайрылуусунда: “Абал начарлап баратат. Ошондуктан, мен дагы бир жолу көйгөйдүн канчалык олутту экендиги жөнүндө айтып берем жана сиздер мени угушуңуздар керек ”, – деди Дутерте телевидение аркылуу.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: