Menu

Кытай Кыргызстанга таажывирусту 20 мүнөттүн ичинде аныктоочу 21 миң даана экспресс-тест берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-апрелде Кытай өкмөтү Кыргызстанга таажывирусун ыкчам аныктоочу 21 миң даана SARS CoV-2 Antibody test реагенттерди берди. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Экспресс-тесттерди тапшыруу иш-чарасы КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана Кытайдын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу өкүлү Ду Дэвендин жана КР Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясый департаментинин директору Төлөндү Макеевдин катышуусунда өттү.

Берилген тесттер таажывирусунун бар жогун 20 мүнөттүн ичинде аныктайт жана республика боюнча вирустун жайылуусун алдын алууга мүмкүндүк берет.

Аталган экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттердеги таажывирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: