Menu

ЖАМК: Түрмөлөр менен абактарда таажывирустун таралышын алдын алуу үчүн обсервациялык бөлмөлөр даярдалды, № 47-абакка ИВЛ аппараты коюлду

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргызстанда кыйноолорго каршы коалициясына жазаларды өтөө аймагында коронавирустун коркунучу тууралуу Кыргыз Өкмөтүнө жолдонгон  сунушу үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Бул тууралу ЖАМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-апрелде билдирет.
Ошону менен бирге, ЖАМК өзүнүн алдында түзүлгөн ыкчам штабы аркылуу коронавирус таралышын алдын алуу жана аталган инфекция жугузганга шектүүлөр менен алып баруучу иштин алгоритими түзүлгөнүн билдирет.
Мекемелерде кызматкерлер медициналык маскалар менен камсыз болуп, ЖАМКнын мекемелеринде жана турак жайларында, медициналык бөлүмдөрдө, ошондой эле кызматкерлердин кызматтык бөлүмдөрүндө  корона вирустун таралып кетпеши үчүн дезинфекциялоо иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүүүдө.
Ошондой эле, медициналык жайларда жана ооруканаларда коронавируска шектүүлөрдү обсервациялоочу бөлмөлөр даярдалган. № 47-мекеменин борбордук ооруканасында өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат коюлган.
2020-жылдын март айына карата № 47 мекемеге борборлоштурулуп сатылып алынган 1 млн. 220 миң 368 сомдук каражаттар- дары-дармектер жана медициналык шаймандар Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматынын  мекемелерине бөлүштүрүлүүдө.
ЖАМКда дезинфикциялоочу каражаттар, корона вирус белгилери болгон жөтөлгө каршы, дене табын төмөндөтүүчү дары-дармектер, витаминдер жетиштүү. Үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында КР Өкмөтү тарабынан зарыл болгон жабдуу шаймандарды жана медикаменттерди алуу үчүн кошумча акча каражаты бөлүнгөн.   Мындан сырткары, эл аралык уюмдардан коргонуучу кийимдер, антисептик жана башка медицина багытындагы буюм түрүндө ЖАМКга гуманитардык жардам берилген.
Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына карата мунапыстын долбоору КР Жогорку Кеңешинде каралып жатат.
Учурда ЖАМКнын мекемелеринде абал туруктуу атайын контингент тарабынан корона вирус инфекциясына шектелгендер боюнча эч кандай кайрылуу түшкөн жок.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: