Menu

Кытайдын Ухань шаарында биринчи жолу сырттан кирген таажывирус катталды

Бөлүшүү:

Ухань шаарында биринчи жолу  чет өлкөдөн кирген жарандан таажывирус катталганын Кытай мамлекетинин саламаттыкты сактоо комитети күбөлөндүрдү, деп билдирет РИА Новости. 

Окуя 1-апрелде катталган, бирок оорулуу адам кайсы өлкөдөн келгендиги айтылган эмес.

Сыягы, инфекция жуккан адам чет өлкөдөн Кытайдын башка шаарынын аэропортуна учуп келип, андан кийин Уханга поезд менен барган, анткени Уханда коммерциялык аба каттамы 8-апрелден баштап калыбына келтирилет, бирок жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер Уханьга кире алышат.

Ухань шаары 23-январдан бери таажывирус илдетинин кесепетинен сырткы дүйнө менен байланышка чектөө киргизген. Бул учурда шаар ичинде транспорттук кыймылга тыюу салынып, метролор, автобустар, паромдор өз ишин токтоткон. Мындан тышкары шаарга автобустар, суу транспортторунун кирүүсү токтотулуп, аэропорт жана темир жол бекеттенинин ишине бөгөт коюлган. Шаар жашоочулары өзгөчө себептерсиз жана уруксатсыз сыртка чыга албайт жана шаарга кирүүчүлөр үчүн да ушундай тартип каралган.

Хубэй провинциясынын Саламаттыкты сактоо комитетинин айтымында, провинцияга кирүүгө жана андан чыгууга чектөө 25-марттын түн жарымынан баштап алынып салынган, Ухань шаарында гана чектөө алынган эмес. Ал эми Ухандагы карантин 8-апрелде бүтөөрү пландалууда.

25-марттан баштап, Ухань шаарында жайгашкан 17 станцияны кошпогондо, Хубэй провинциясынын аймагында кирүү жана чыгуу темир жол тутуму калыбына келтирилет, ал эми 17 станцияга кирүү үчүн темир жол байланышы 28-мартта жаңыланып, 8-апрелден тарта жүрө баштайт.

Жалпысынан, учурда Кытайда чет өлкөдөн кирген 806 таажывирусу менен ооруган адам катталган, алардын ичинен 691 адам дагы деле ооруп жатат, алардын 20сы оор абалда, 115 бейтап сакайышкан, ал эми алардын арасында көз жумгандар катталган эмес.

Кыргызчалаган: KyrgyzToday.kg


Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: