Menu

Видео – Кадамжайдын Майдан айылынын тургуну Нурлан Б. оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, карантин тосмосун автоунаасы менен сүзүп өтүп кеткен

Бөлүшүү:

“31-март күнү эрте менен саат 07:00 чамаларында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Майдан айылына кире беришинде жергиликтүү бийлик тарабынан коюлган карантин постунда турган ыктыярдуу элдик кошундарга баш бербей Кароол айылынын Нурлан аттуу тургуну жыгачтан жасалган карантиндик постту буту менен тээп, ачып өтүп кетип калгандыгы боюнча ошол жерде турган жарандардан маалымат келип түшкөн”, – деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

“Бул окуяны милиция кызматкерлери териштирген учурда ал тартип бузган жаран Майдан айыл аймагынын тургуну 40 жаштагы Нурлан Б. экени такталып, териштирүү башталган”, – дейт билдирүүдө.

“31-март күнү эрте менен саат 07:00 чамасында Баткен облустук сотуна бара жаткам, бирок постто турган жарандар өткөрбөй коюшканда, сотко кечигип каламын деп баш ийбей постту сүзүп өтүп кеттим” деп түшүндүргөн Нурлан Б. өзүнүн кадамын.

Бул факт Кадамжай РИИБнүн КЖБРне Жоруктар жөнүндө Кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Этият болуңуз! Нормативдүү эмес лексика бар. Богооз адамдар тилденишет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: