Menu

Видео – Каныбек Исаков: “Өлкөдөгү алдыңкы мектептердин мугалимдери менен видеосабактарды тартып жатабыз”

Бөлүшүү:

Аралыктан окутуу системи 8-апрелден баштап ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрель күнү Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өкмөттүк брифингде билдирди.

“Учурда Бишкек шаарындагы “Креатив Таалим”, №5 Улуттук гимназия, №61, №13 мектеп жана Ош шаарындагы алдыңкы мектептердин жалпы 210 мугалими менен видеосабактарды тартып жатабыз.  Видео сабактар ЭлТРдин “Илим Билим” каналынан. КТРКнын “Баластан” каналынан жана Бешинчи каналдар аркылуу көрсөтүлөт. Бир үй-бүлөдө көп окуучу болсо, алар сыналгыны талашып калбашы үчүн расписаниесин алдын ала ар кайсы убакка белгилейбиз. Ошондой эле мугалим тарабынан байланыш кандай болот деген суроо жаралууда. Бул жаатта ар бир мугалим окутулуп жатат. Социалдык тармактар аркылуу бир класста 20 болобу, 30 бала болобу, баары бир чогулуп, 30 мүнөттүн ичинде билим алмаша алышат”, – дейт Исаков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 32 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: