Бүгүн, 3-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда дагы 5 адамдан таажывирусу аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Саат 9:00дө 9 жаңы учур катталса, 1 сааттын ичинде дагы 5 адамдан таажывирусу тастыкталды.
Жалпысынан Кыргызстан боюнча 130 адам таажывирусун жуктуруп алган. Айыккандардын саны – 5, ал эми 1 адам илдеттен улам көз жумду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ