Бүгүн, 3-апрель күнү билим жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу системи жөнүндө жыйын берүүдө.
“Азыркы кырдаал жайга чейин созула турган болсо, анда биз жайкы сессияларды онлайн түрүндө өткөргөнгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми дипломдук иштерди дагы онлайн түрүндө коргоого мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатабыз. Андан сырткары биз быйылкы абитуриенттерди онлайн түрүндө кабыл алсак дегенбиз. Себеби улуттук тесттин суроолорунан кийин сертификаттар берилет, кандай упай топтогону боюнча. Ошол упайлардын жыйынттыгында балдар республиканын кайсы бурчунда болбосун ар бир окуу жайдын кабыл алуу электрондук порталына кирип өзүнүн сертификаты менен катышууга мүмкүнчүлүк болот. Биз муну азыркы кырдаалга байланыштуу эмес, мурунтан эле программалаштырып койгонбуз”,- деди министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ