Menu

Контрактты төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок студенттерге жеңилдиктер болот

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-апрель күнү Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу системи жөнүндө жыйын берди.

“Студенттер, алардын ата-энелери тараптан көйгөйлүү маселе боюнча суроолор болуп жатат. Студенттердин контрагы кандай болот деген. Бул эгерде социалдык жактан кыйналган, социалдык жеңилдиктери бар же баланын ден соолугуна байланыштуу контрактты төлөөгө өз убагында мүмкүнчүлүк болбосо  ар бир окуу жайлардын алдында түзүлгөн комиссиянын социалдык пакети бар, ошонун эсебинен пайыздык өлчөмдө жеңилдик берилип, төлөмдүн мөөнөтүн узартуу тууралуу тапшырмалар берилген”, деди Исаков.

Андан тышкары министр “Көптөгөн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү өз алдынча видеосабактарды даярдап жатышат. Биз алардын изденүүсүнө чектөө койгон жокпуз. Облустук телевидениелер аркылуу мамлекеттик тилде, расмий тилде жана жергиликтүү элдердин тилинде дагы сабактарды берүү жагы каралууда. Бул ар бир райондук жана билим берүү бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот”,- деп кошумчалады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: