Menu

Кытай таажывирусунан улам каза болгондорду эскерүү үчүн 4-апрелди аза күтүү күнү деп жарыялады

Бөлүшүү:

Эртең, 4-апрель күнүн Кытай бийлиги таажывирустун курмандыктары үчүн аза күтүү күнү деп жарыялады. Мындай чечимди Кытай Эл Hеспубликасынын мамлекеттик кеңеши кабыл алганын “Синьхуа” агенттиги кабарлайт.

Эртең Кытайдын жана чет элдик элчиликтердин жана консулдуктардын имараттарындагы желектер түшүрүлүп, өлкөдөгү көңүл ачуучу коомдук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00дөн баштап үч мүнөттүк жымжырттык болот. Таажывирусунан улам каза болгон маркумдарды эскерүү үчүн автоунаалардын, поезддердин, кемелердин жана абадан коргонуунун сигналдары жаңырат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда таажывирус менен ооруган адамдардын саны 82,4 миңден ашты. 3 миң 322 адам каза болуп, 76 миң 576 адам айыккан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: