Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 29-мартта эки окуучу өзүлөрүнүн үйлөрүндө асынып каза болушту. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү тургундар кабарлашкан.
Маалыматка караганда, асынып алган окуучулар экөөтең толук кандуу үй-бүлөлөрдүн балдары.
Алардын бири Рот-Фронт айылынын тургуну болсо, экинчиси Тельман айылынын тургуну. Бул окуя боюнча Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тастыктады.
«Бул мектеп учурунда эмес, үйүндѳ болгон окуя. Аларды тааныгандардын айтымы боюнча окуучулардын мүнѳздѳмѳлѳрү да жакшы экен. 29-апрель күнү бири күндүз, экинчиси түнү асынып алган. Бул боюнча учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө», – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ушул жылдын февраль айынын аягында Кант шаарындагы мектептердин биринде окуган окуучу үйүндѳгү мончодон жыгылып кетип каза болгон. Бирок жергиликтүү жашоочулардын билдирүүсүндө бул иш боюнча ар кандай сөздөр айтылып келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ